Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-апрели №29
Жекенди айыл аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу чыгаруу үчүн электр көмөкчү чордонун жана электр линиясын тартуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Т О К Т О М К Ы Л АТ:
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Жайчибековдун Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу тартуу максатында электр көмөкчү чордонун орнотуу жана 2100 метр линия тартуу үчүн жер бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу тартуу максатында электр көмөкчү чордонун орнотуу жана 2100 метр электр линиясын тартуу үчүн жер бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |