Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү VIII сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 72
Аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай, курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат :
1. Айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлө турган жер аукционунун уюштуруу иштерине катышуу үчүн айылдык кеңештин депутаттарынан турган комиссиянын курамына төмөнкүдөй депутаттар киргизилсин.
1) Жоробеков Б -“ Айыл, жер, суу чарба өнөр жай, курулуш транспорт, байланыш энергетика”туруктуу комиссиясынын төрагасы,
2) Манабаев Бектур- “Айыл, жер, суу чарба өнөр жай, курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын мүчөсү,
3) Батаев Замир - айыл, жер, суу чарба өнөр жай, курулуш транспорт, байланыш энергетика” туруктуу комиссиясынын мүчөсү,
4) Мамарасулов Медияр –Мырза-Аке айылдык кенешинин төрайымынын орун басары,
5)Айтбаева Жумабү – “ Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясы туруктуу комиссиясынын төрайымы.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрайым |
| Г.Жороева |