Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү VIII сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 73
Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл аймагындагы Б.Моңолов атындагы орто мектебинин топурак котлован төгүлгөн жерин муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |