КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезексиз 20-сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 20/1
Кара-Кулжа айыл аймагынын Сары-Камыш айылында жайгашкан ички чарбалык жолго Ички иштер бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенген ардагер (маркум) Матаев Асан Сыдыковичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кенешинин 23.04.2014-жыл № 8 / 2 “ Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомун жетекчиликке алып, Сары-Камыш айылынын айыл тургундарынын жыйынын 29-июнь 2023-жылдагы № 4 “Сары-Камыш айылында жайгашкан ички чарбалык жолго Ички иштер бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенген ардагер (маркум) Матаев Асан Сыдыковичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин жана айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 19.04.2024-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Камыш айылынын айыл тургундарынын жыйынын 29-июнь 2023-жылдагы № 4 “Сары-Камыш айылында жайгашкан ички чарбалык жолго Ички иштер бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенген ардагер (маркум) Матаев Асан Сыдыковичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.
2. Сары-Камыш айылында жайгашкан ички чарбалык жолго Ички иштер бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенген ардагер (маркум) Матаев Асан Сыдыковичтин ысмы ыйгарылсын.
3. Сары-Камыш айылындагы (маркум) Матаев Асан Сыдыкович атындагы көчөгө демөөрчүлүк көрсөтүү, жолдун шарттарын жакшыртуу жагы уулдарына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага тапшырылсын.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |