Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-июну №31
Жекенди айыл аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу чыгаруу үчүн Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук сунуш берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Жайчибековдун Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу тартуу максатында Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук сунуш берүүгө уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу тартуу максатында Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук сунуш тапшырууга уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет, Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция,энергетика маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы Амирбеков Акматалига жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |