Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-июну №32
Жекенди айыл аймагындагы тарыхый жана маданий эстеликтерди сактоо боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттендирилиши жөнүндө
Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Дектир участкасындагы № 1946 контурундагы “Курган” байыркы тарыхый эстеликтери улуттук маданий мурас болуп эсептелгендигине байланыштуу жана аларды келечекте сактап калуу максатында Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамына ылыйык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Дектир участкасындагы № 1946 контурундагы архиеолог тарабынан белгиленген “Курган” байыркы тарыхый эстеликтерди коргоо максатында ошол жерге жакын жайгашкан жердин ээлери Ж.Калыков, М.Галов жана У.Орунбаевтерге эскертүү берилсин.
1.Жекенди айылындагы “Курган” байыркы эстеликтер жайгашкан аймактагы бардык тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, сактоо жана мыйзамдуу пайдалануу боюнча жоопкерчилик Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |