Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-июну №33
Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык үй салуу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Жайчибековдун Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык үй салууга уруксат берүү жана Достук жаңы конушунан муниципалдык үй салуу үчүн 0,05 га жер бөлүп берүү жөнундөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык үй салууга жана Достук жаңы конушунан муниципалдык үй салуу үчүн 0,05 га жер бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерин бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |