Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезексиз 20-сессиясы

 

2024-жылдын 22-апрели  № 20/2

Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө жайгашкан  1-Май айылындагы Ак-Таш атындагы  көчөгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 3-класстагы кеңешчиси, коомдук ишмер, акын, жазуучу  жана А.Осмонов атындагы  адабий сыйлыктын ээси (маркум) Алиев Манап Бегибаевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө

 

Кара-Кулжа айылдык кенешинин 23.04.2014-жыл № 8 / 2 “ Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомун жетекчиликке алып, 1-Май айылынын айыл тургундарынын элдик жыйынын 4- апрель 2024-жылдагы  № 20 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө жайгашкан 1-Май айылындагы Ак-Таш атындагы көчөгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 3-класстагы кеңешчиси, коомдук ишмер, акын, жазуучу жана Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси (маркум) Алиев Манап Бегибаевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин  жана  айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 19.04.2024-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. 1-Май айылынын айыл тургундарынын элдик жыйынын 4- апрель 2024-жылдагы № 20 “1-Май айылындагы Ак-Таш атындагы көчөгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 3-класстагы кеңешчиси, коомдук ишмер, акын, жазуучу жана Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси (маркум) Алиев Манап Бегибаевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.

 

2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө жайгашкан 1-Май айылындагы Ак-Таш атындагы көчөгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 3-класстагы кеңешчиси, коомдук ишмер, акын, жазуучу жана Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси (маркум) Алиев Манап Бегибаевичтин ысмы ыйгарылсын.

 

3. 1-Май айылындагы (маркум) Алиев Манап Бегибаевич атындагы көчөгө демөөрчүлүк көрсөтүү, жолдун шарттарын жакшыртуу жагы уулдарына жана кыздарына жүктөлсүн.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А.Бөрүбаев