Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 78
Коммунист айылынын жаңы көчөсүнө маркум Болушов Жуманын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Коммунист айылынын жаңы көчөсүнө маркум Болушов Жуманын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү жамааттык арызы канааттандырылсын.
2. Көчөгө аты коюлган маркумдун балдары, түнкү жарыкты орнотуп, электр энергияга кеткен каражаттын төлөө, көчөнү көрктөндүрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |