КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезексиз 20-сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 20/3
Кара-Кулжа айыл аймагынын административдик чек арасынын схема картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Жарлыгы менен бекитилген иш-чараларга ылайык, административдик-аймактык реформаны жыйынтыктоо үчүн “Кыргыз Республикасынын жаңы административдик-аймактык бирдиктери жөнүндөгү” мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндөгү 2024-жылдын 2- апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин биринчи орун басары А.А.Касымалиев тарабынан бекитилген Календарлык планын жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинентине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун, Кара-Кулжа айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын, ага тиркелген чек ара баяндамасын, Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 19.04.2024-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл аймагынын административдик чек арасынын схема картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун бир нускасы Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |