Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 79
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102 беренесине ылайык Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизи үчүн Мырза-Аке айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Мырза-Аке айыл өкмөтү 2025-жылга бекитилген ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине каралган акча каражатынан 6500 миң сом, ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесине 2500,0 миң чос , 3112 беренесине 1400,0 миң сом, Айыл чарба бөлүмүнүн 2215 беренесине 1260,0 миң сом ,2221 беренисе 500,0 миң сом, 3111 беренесине 400,0 миң сом. Жергиликтүү кеңеш бөлүмүнүн 222 беренесине 300,0 миң сом. Бала бакча тармагынын 3111 беренесине 140,0 миң сом акча каражат жылдырылсын жана Орто мектеп 2224 беренисен 1061,8 миң сом ,Башталгыч мектеп 2224 беренесинен 55,3 миң сом, Бала бакча бөлүмүнүн 2224 беренисен 540,0 миң сом, Маданият 2224 беренисен 2,8 мң сом, Китепкана 2224 беренисен 1,4 миң сом Аппарат тармагынын 2215 беренесине 1012,7 миң сом, 2024 беренесине 160,0 миң сом, 2222 беренсине 100,0 миң сом, 2211 беренесине 100,0 миң сом. Маданият тармагынын 2215 беренесине 160,0 миң сом. Орто мектеп тармагынын 2215 беренесине 61,6 миң сом Айыл чарба тармагынын 2215 беренесине 67,0 миң сом. Атайын (спец) Бала бакча бөлүмүнүн 2228 беренесинен 93,1 миң сом, 2222 беренисе 93,1 миң сом. Бала бакачалардын 2222 беренесине каралган акча каражаттан 2215 беренесине 200,0 миң сом, 2219 беренесине 150 миң сом жылдырылсын.
2.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн киреше жагын Роялти салыгынан 600,0 миң сом, лицензия салыганан 1660,0 миң сом , инфраструктура өнүктүрүү салыгынан 2000,0 миң сом, пландан азайтылып, ата энелик төлөмгө кошумча 400,0 миң сом план алынсын.
3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө 4 (төрт) жаңы штаттык бирдик ачууга макулдук берилсин:
- 1 штат – от жагуучу
- 1 штат – шофёр
- 2 штат – электрик
4. Киреше чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КРнын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финасы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |