КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезексиз 20-сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 20/4
Муниципалдык менчиктеги Т.Абакиров атындагы райондук стадионду
Кара-Кулжа райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жер жөнүндөгү” кодексинин талаптарына ылайык, айыл чарба жерлерин башка категорияга которуу жөнүндөгү 20-беренесинин, 12-бөлүкчөсүн жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жыл № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренеси 5 “Муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 19.04.2024-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги Т.Абакиров атындагы райондук стадион Кара-Кулжа райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебине өткөрүлүп берилсин.
2. Кара-Кулжа райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебине Т.Абакиров атындагы райондук стадионду өткөрүп берүү боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |