КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезексиз 20-сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 20/5
Кара-Кулжа айыл айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги калктуу конушта жайгашкан айыл чарба багытындагы сугат, кайрак айдоо, чөп ормо, көп жылдык бак, бак кайрак жана калктуу конуштун ичиндеги жерлердин кыртыш бонитетин эске алуу менен салыктын дифференциалдык өлчөмүн (ставкасын) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 18-беренесинин 4 “Айылдык кенеш жеке көмөкчү чарба жүргүзүү, курулуш куруу жана турак жайды тейлөө үчүн жер участоктордун өлчөмдөрүн белгилейт, жер кадастрын бекитет, тийешелүү район үчүн мыйзамдар менен бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген айылдык аймак үчүн белгиленген салыктардын жалпы суммасынын чектеринде кыртыш бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференциялдуу ставкаларын белгилейт өз компетенциясынын чектеринде жер мамилелери чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 19.04.2024-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги калктуу конушта жайгашкан айыл чарба багытындагы жер кыртышынын бонитети баллы 35% жогору 1.0 га сугат айдоо жер аянтына 10.000 сом, 1.0 га кайрак айдоо жер аянтына 5.000 сом, 1.0 га чөп ормо жер аянтына 3.000 сом, 1.0 га көп жылдык бак сугат 10.000 сом, 1.0 га бак кайрак 5.000 сом жана калктуу конуштун ичиндеги 1.0 га жерлер 25.000 сом салыктын дифференциалдык өлчөмү (ставкасы) бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги калктуу конушта жайгашкан айыл чарба багытындагы жер кыртышынын бонитети баллы 20 % жогору 1.0 га сугат айдоо жер аянтына 6.000 сом, 1.0 га кайрак айдоо жер аянтына 2.500 сом, 1.0 га чөп ормо жер аянтына 1.500 сом, 1.0 га көп жылдык бак сугат 4.000 сом, 1.0 га бак кайрак 2.000 сом жана калктуу конуштун ичиндеги 1.0 га жерлер 18.000 сом салыктын дифференциалдык өлчөмү (ставкасы) бекитилсин.
3. Айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги калктуу конушта жайгашкан айыл чарба багытындагы жер кыртышынын бонитети баллы 20 % чейин 1.0 га сугат айдоо жер аянтына 4.000 сом, 1.0 га кайрак айдоо жер аянтына 1.500 сом, 1.0 га чөп ормо жер аянтына 1.000 сом, 1.0 га көп жылдык бак сугат 4.000 сом, 1.0 га бак кайрак 1.000 сом жана калктуу конуштун ичиндеги 1.0 га жерлер 8.000 сом салыктын дифференциалдык өлчөмү (ставкасы) бекитилсин
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |