КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезексиз 20-сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 20/6
Айыл өкмөтүнүн балансасындагы Полесса маркасындагы комбайынга, трактор шаймандары менен жана жүк ташуучу самосвалга ижара өлчөмүн, эсептегич орнотулгандан кийин таза-суу пайдалануу өлчөмүн жана айыл аймагындагы жайыттарды пайдалануу жыйымдарынын өлчөмүн (кара малга, жылкыга, кой-эчкиге) бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 4 “Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 19.04.2024-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы жайыттарды пайдалануу жыйымдарынын өлчөмү кара малга, жылкыга, кой-эчкиге (шарттуу башка) 100 сомдон, башка жактан келген кара малга, жылкыга, кой-эчкиге (шарттуу башка) 200 сомдон өлчөмү бекитилсин.
2. Полесса GS 575 маркасындагы комбайынга 300.000 сом, УТО 904 маркасындагы трактор шаймандары менен 250.000 сом жана HOWO жүк ташуучу самосвалга 150.000 сом ижарага акысынын өлчөмү бекитилсин.
3. Коммерциялык багытта таза-суу түтүгүн киргизүү үчүн 15.000 сом, калкка эсептегич орнотулгандан кийин бир куб таза суу пайдалануу өлчөмү 30 сом, коммерциялык ишканалар эсептегич орнотулгандан кийин бир куб таза суу пайдалануу өлчөмү 100 сомдон бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |