КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
2025-жылдын 15-майы №7-2
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Борбаш орто мектебинин директору М.Абдракманованын арызына негиз, 11-классынын окуучусу Дуйшоева Гулмээрим Гулжигитовна Бишкек шаарындагы “Level” окуу борбору тарабынан ЖРТга даярдоо курсу үчүн сынактан эң мыкты окуучулары тандалып алынган «VIP» тобуна кабыл алынып, бирок ата-энесинин каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттен 10 000 сом акча каражатын бөлүп берүү максатында, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Борбаш орто мектебинин директору М.Абдракманованын арызына негиз, 11-классынын окуучусу Дуйшоева Гулмээрим Гулжигитовнанын “Level” окуу борборунан билим алып келүүсү үчүн 10 000 (он мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 70111 бөлүмүнүн 28241100 беренесинен ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |