Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-майы №7-3
Т.Шамшиев атындагы “Көк-Жар” инновациялык билим берүү комплексинин директорунун арызы тууралуу
Т.Шамшиев атындагы “Көк-Жар” инновациялык билим берүү комплексинин директору Э.Абжапаровдун арызына негиз, окуучулардын жолдо жүрүү коопсуздугун сактоо максатында, мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Шамшиев атындагы “Көк-Жар” инновациялык билим берүү комплексинин жанындагы көчөсүн бир тараптуу кыймылга өткөрүү сунушун колдоо жана аткарылышы көзөмөлгө алынсын.
2.Мектептин тосмосунан мектепке карай 2 метр батыш тарапка карай тротуар салынсын.
3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга (Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына) сунуш жиберилсин.
4.Жергиликтүү тургундар жана мектеп администрациясы менен коомдук талкуу уюштуруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Жол белгилерин орнотуу жана маалыматтык компания жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоо “Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы А.Шамуратовго милдеттендирилсин.
6.Мектептин территориясында канцелярдык дүкөнчө ачуу боюнча маселени кароо “Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн жана Билим берүү жана илим министрлигинин, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышына, дүкөндүн ишмердүүлүгүн расмий каттоо жана тиешелүү салык төлөнүшүн кароо, сатылуучу товар окуу процессине ылайыктуу жана окуу куралдарынын гана сатылуусун көзөмөлгө алуу иштери айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам
Төрага |
Р.Арапов |