КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезексиз 20-сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 20/7
Айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги калктуу конушта жайгашкан айыл чарба багытындагы (курулуш алдындагы жерлер, мал сарай, соода түйүндөр жана башка имараттар ээлеген) жер аянтына мамлекеттик мөөнөтсүз пайдалануу документтин алууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жыл № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренеси 5 “Муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектерин менчиктегтирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 19.04.2024-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги калктуу конушта жайгашкан айыл чарба багытындагы (курулуш алдындагы жерлер, мал сарай, соода түйүндөр жана башка имараттар ээлеген) жалпысынан 188.15 га жер аянтына мамлекеттик мөөнөтсүз пайдалануу документтин алууга уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адис Кадыр уулу Тыныбекке тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |