Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-майы №7-5
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-мартындагы №111 сандуу каты тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-мартындагы №111 сандуу катына негиз, Найман айылынын күн батыш тарабындагы 3,65 га жер аянтына таш майдалоочу ишкана куруу максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу максатында жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Найман айылынын күн батыш тарабындагы 3,65 га жер аянтына таш майдалоочу ишкана куруу максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер маселелери боюнча адисине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
Р.Арапов |