Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-майы №7-6
“Көк-Жар жайыт” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» №52 токтомунун 6-пунктуна ылайык түзүлгөн «Көк-Жар» муниципалдык ишканасынан бөлүнүп, жайытка тиешелүү маселелерин чечүү үчүн, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдында «Көк-Жар жайыт» муниципалдык ишканасын түзүү максатында, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагынын жайытка тиешелүү маселелерин чечүү максатында, айыл өкмөтүнүн алдында «Көк-Жар жайыт» муниципалдык ишканасын уюштуруусуна макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жана жаңы түзүлгөн муниципалдык ишкананы уюштурууда уставын бекитүү жана каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарылышын камсыз кылуу жагы «Көк-Жар айыл аймагындагы айыл өкмөтү» мекемесинин башчысы А.Шамуратовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |