КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезексиз 20-сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 20/10
Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга түнкү жарыктандыруу орнотууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга түнкү жарыктандыруу орнотууга Совет шайлоо окуругундагы мандатка бөлүнгөн 200.000 сом, 1-Май шайлоо окуругундагы мандатка бөлүнгөн 600.000 сом, Беш-Жар шайлоо окуругундагы мандатка бөлүнгөн 100.000 сом, Кара-Кулжа шайлоо окуругундагы мандатка бөлүнгөн 15.000 сом жана Биймырза шайлоо окуругундагы мандатка бөлүнгөн Сары-Камыш айылына 150.000 сом, жалпысынан 1.065.000 сом акча каражаты түнкү жарыктандырууну камсыздоо жана орнотуу үчүн “Кара-Кулжа Тазалык Таза-Суу” муниципалдык ишканага которулсун.
2. “Кара-Кулжа Тазалык Таза-Суу” муниципалдык ишканага акча каражатын которуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага тапшырылсын.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |