Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-майы №7-7
А.Сыранов орто мектебинин эски имаратын эсептен чыгаруу жөнүндө
А.Сыранов орто мектебинин эскилиги жеткен имаратын, муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу боюнча Көк-Жар айыл өкмөтүнөн комиссия курамын түзүү максатында, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибине ылайык Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан комиссия курамы түзүлсүн.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |