Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-майы №7-9
Ноокат районунун региондорду өнүктүрүү фондунун аткаруу органы - Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Ноокат финансы башкармалыгынан каржылануучу долбоор жөнүндө
“Көк-Жар” үрөөнчүлүк, айыл чарба өндүрүштүк кооперативине Ноокат районунун региондорду өнүктүрүү фондунун аткаруу органы - Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Ноокат финансы башкармалыгынын эсебинен КТП сатып алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кенеши токтом кылат:
1. “Көк-Жар” үрөөнчүлүк, айыл чарба өндүрүштүк кооперативине Ноокат районунун региондорду өнүктүрүү фондунун аткаруу органы - Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Ноокат финансы башкармалыгынын эсебинен КТП сатып алууга макулдук берилсин.
2. Өздүк салым “Көк-Жар” үрөөнчүлүк, айыл чарба өндүрүштүк кооперативинен каржылансын.
3.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |