Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 11/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Элдик Курултай жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндөгү” жарлыгын жетекчиликке алуу менен Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Өкүлчүлүктүү жыйындардын өткөрүүгө жана төрагалык кылууга №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өкүлчүлүктүү жыйындардын өткөрүү гафиги, өкүлдөрдүн санын бекитүү нормасы жана иш планы №3,4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. IV Элдик курултайга баруучу делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрына Манас айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн жыйындар залында өткөрүү белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу өкүлчулүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү жумушчу топтун курамына тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам
Төрайым |
| Х. Ш. Артыкова |