Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-майы №7-10
Ноокат районунун региондорду өнүктүрүү фондунун аткаруу органы - Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Ноокат финансы башкармалыгынан каржылануучу долбоор жөнүндө
“Найман” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасына Ноокат районунун региондорду өнүктүрүү фондунун аткаруу органы - Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Ноокат финансы башкармалыгынын эсебинен курулуш материалдарын сатып алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кенеши токтом кылат:
1. “Найман” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасы үчүн Ноокат районунун региондорду өнүктүрүү фондунун аткаруу органы - Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Ноокат финансы башкармалыгынын эсебинен курулуш материалдарын сатып алууга макулдук берилсин.
2. Өздүк салым үчүн 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
3.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |