Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-майы №7-11
“Көк-Жар” муниципалдык ишканасына сугат суу тарифин бекитип берүү жөнүндө
“Көк-Жар” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 15-майындагы №31 сандуу катына негиз, сугат суу тарифин бекитип берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесиндеги 11-пунктуна ылайык, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кенеши токтом кылат:
1.Көк-Жар айыл аймагында сугат суу төлөмдөрү 2025-жылга карата 1 га жер аянтына 3000 сом (1 га жер аянтын 1 жолку суугаруунун төлөмү 500 сом, жылына орто эсеп 6 жолу суугаруу жалпы 3000 сом) болуп бекитилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |