Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 11/2
Манас айыл аймагындагы “Ак-кеме нуру” муниципалдык балдар бакчасына кошумча филиал ачуу жөнүндө
Манас айыл аймагынын Таджик-Абад айылындагы “Ак- кеме нуру” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Ахмадалиева Саёра Толкунбаевнанын жазган арызы жана ата-энелрдин “Ак кеме-нуру” мектепке чейинки билим берүү уюмунун филиалын ачуу жөнүндөгү сураныч каты Манас айылдык кеңешинин социалдык комиссиясынын 09.10.2025-ж №2 Протоколунун негизинде, Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууга алынып, кенири ой-пикирлерден кийин Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Таджик-абад айылындагы “Ак-кеме нуру” муниципалдык балдар бакчасынына, Кызыл-мээнет айылынын Бегиев көчөсүндөгү №4 үйүнө кошумча филиал 3 тайпа ачуу сунушталсын.
2. Манас айыл аймагынын Таджик-абад айылындагы “Ак-кеме нуру” муниципалдык балдар бакчасына кошумча филиал жана 3 тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Ак-кеме нуру” муниципалдык балдар бакчасынын жетекечиси Ахмадалиева Саёра Толкунбаевнага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Токтосуновго тапшырылсын.
Төрайым |
| Х. Ш. Артыкова |