Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-майы №7-12
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-мартындагы № 112 сандуу катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-мартындагы № 112 сандуу катына негиз, Алашан айылынын Абшыр Сайдын жээгинде жайгашкан №442 контурунан 0,50 га жер аянтына бетондон жасалган курулуш буюмдарын чыгаруу максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу максатында Көк-Жар айылдык кенеши токтом кылат:
1.Алашан айылынын Абшыр-Сайдын жээгинде жайгашкан №442 контурунан 0,50 га жер аянтына бетондон жасалган курулуш буюмдарын чыгаруу максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу маселеси Ош-Раззаков авто жолунун реконструкциялоо иштери аяктап, кызыл сызык аныкталганга чейин калтырылсын.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Г.Шамуратовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам
Төрага |
Р.Арапов |