Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 11/3
Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы №19/6 токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин 1-2-пунктуна таянып, Манас айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын протоколунун негизинде Манас айыдык кеңеши токтом кылат:
1. Манас айылдык кеңешинин ( I шайланган ) депутаттардын 2025-жылдын 10-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын протоколуна таянып, Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы №19/6 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы “Нариман айыл аймагынын Ачы массивиндеги 200 га жер аянты, айыл чарба багытынан калктуу конуш багытына карап өзгөртүлсүн”-деген сөздөр, “Манас айыл аймагынын Ачы массивиндеги 200 га жер аянты, айыл чарба багытынан калктуу конуш багытына карай өзгөртүү сунушталсын”-деп өзгөртүлсүн.
- 2-пунктундагы “Токтомдун аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Садыковго жүктөлсүн”-деген сөздөр, “Токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысына жүктөлсүн”-деп өзгөртүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Х. Ш. Артыкова |