Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июну №8-1
«Курбан-Тоо» жоопкерчилиги чектелген коомуна Улуу Тоо айылында чалгындоо жумуштарын жүргүзүүгө макулдук берүү тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы №211 сандуу катына негиз, «Курбан-Тоо» жоопкерчилиги чектелген коомуна Улуу Тоо айылындагы «Курбанбулак» аянтында геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүүгө жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна №7297 АР Лицензиясына негиз, «Курбан-Тоо» жоопкерчилиги чектелген коомуна «Курбанбулак» (эски Улуу Тоо шахтасы) аянтында геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2.Мыйзам чегинде иш алып баруу жана жумуштарын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |