Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 29-апрели № 5/1
Манас айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү жана өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрүнүн, жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын чогулушунун, Манас айыл аймагынын айылдык кеңешине келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Манас айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын протоколдорун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Манас айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн төмөнгү;
-5220 ВЛКСМ участкалык шайлоо комиссиясынын курамына- 22
-5588 ВЛКСМ-2 участкалык шайлоокомиссиясынын курамына-10
-5508 Зарбдар участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-21
-5218 Алим-төбө участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-22
-5215 Нариман участкалык шайлоо комиссичсынын курамына-22
-5587 Нурдар-2 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-20
-5516 Тажик-Абад участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-20
-5217 Кызыл-мээнет участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-21
-5224 Беш-мойнок участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-18
-5219 Нурдар участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-20
-5214 Зарбдар-2 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-22
-5226 Каратай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-20
-5225 Осмон участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-18
-5227 Лангар участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-20
-5509 Күрөң кол участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-1
3. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |