Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июну №8-2
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу кызматынын коммерциялык ишканалар үчүн тарифин бекитүү тууралуу
«Көк-Жар» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 16-июнундагы №33 сандуу катына негиз, коммерциялык тармакта иштеген ишканаларга карата катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу тарифин бекитүү максатында, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Көк-Жар айыл аймагындагы коммерциялык багыттагы ишканалар (дүкөн, ашкана, мончо, пилорама, авто жуучу жай, чач тарач ж.б.) үчүн катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу тарифи колдонууга жарактуу аянтынын 1 чарчы метр жер аянтына бир айга 100 (жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2.Жумуштардын мезгилдүүлүгү эске алынсын.
3.Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2025-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу.
4.Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө жана «Көк-Жар» муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |