Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июну №8-3
Ош облусунун Ноокат райондук сотунун 2024-жылдын 18-декабрындагы № ГД-1602/24-О5 сандуу чечимин аткарууга алуу тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Г.Шамуратовдун 2025-жылдын 13-июнундагы №195 сандуу катына жана Ош облусунун Ноокат райондук сотунун 2024-жылдын 18-декабрындагы № ГД-1602/24-О5 сандуу чечимине негиз, багуучунун өлүмү менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатта, доогер Жолдошова Наргиза Курсаналиевнанын пайдасына 5 229 689 (беш млн эки жүз жыйырма тогуз мин алты жүз сексен тогуз) сом акча каражатын которуп берүү үчүн бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Ноокат райондук сотунун 2024-жылдын 18-декабрындагы №ГД-1602/24-О5 чечимине негиз Жолдошова Наргиза Курсаналиевнага 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты которулуп берилсин.
2.Доогердин пайдасына которулуучу калган акча каражаты 2026-жылдын бюджетинен бөлүнүп, 2026-жылдын 15-апрелине чейин которулуп берилсин.
3.Мамлекеттин пайдасына 40 574 (кырк мин беш жүз жетишим төрт) сом жергиликтүү бюджеттен мамлекеттик алым чегерилсин.
4.10 пайыз өлчөмүндө тактап айтканда, 522 968 (беш жүз жыйырма эки миң тогуз жүз алтымыш тогуз) сом аткаруу жыйымы 2025-жылдын 25-апрелиндеги Ноокат райондук сотунун токтомундагы эсептик счетуна которууга макулдук берилсин.
5.Бюджеттин 704 91 бөлүмүнүн 22154900 беренесиндеги Айыл аймагынын калктуу конуштун, курулуштардын жерлерин, айыл чарба багытындагы жерлердин, КБФнун жерлерин, жайыттар жана башка жерлерине инвентаризация жүргүзүү үчүн бөлүнгөн акча каражатынан которулуп, 2025-жылдын 9 айлыгында ашыкча аткаруудан түшкөн акча каражаттарынын эсебинен орду толтурулсун.
6.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |