Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июну №8-4
Сарыканды айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 1 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жана спорт зал курууга макулдук берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 2-июнундагы №179 сандуу катына негиз, Сарыканды айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 1 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жана спорт зал куруу максатында жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Сарыканды айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 1 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана спорт зал курууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Г.Шамуратовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |