Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 29-апрели № 5/4
Манас айыл аймагынын “Манас жайыт” МИнын 2025-жылга жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 сандуу “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 6-7-беренесине ылайык, Манас айыл аймагындагы “Манас жайыт” МИнын жетекчиси А.Мамажунусовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, кеңири ой пикир сунуштарды эске алып Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Манас жайыт” МИнын жетекчисинин сунушунун негизинде малдан алынуучу жайыт баасы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Айыл аймагынын тургундарынын мал, кой, жылкылары үчүн:
ар бир баш кой эчкиге 180 сомдон
ар бир баш малга 750 сомдон
ар бир баш жылкыга 600 сомдон.
Четтен келген мал, кой, жылкылары үчүн:
ар бир баш кой эчкиге 180 сомдон
ар бир баш малга 750 сомдон
ар бир баш жылкыга 600 сомдон.
2. Жайыттарга мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга төмөндөгүдөй баа белгиленсин:
1) Маданий ден соолукту чыңдоочу туристик иш чаралар үчүн 1 га жер аянты үчүн 30 000 сом;
2) Таш майдалоочу кичи ишканалар үчүн 40 000 сом;
3. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы “Манас жайыт” МИнын жетекчиси А.Мамажунусовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |