Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июну №8-5
Нарай айылындагы «Жаш Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берүү тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы №214 сандуу катына негиз, Ж.Алоудинов атындагы «Жаш Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин имараты 100 орундуу болуп жаңы курулгандыгына байланыштуу кошумча 1 (бир) тайпа ачууга макулдук берүү максатында Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2.Ж.Алоудинов атындагы «Жаш Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине кошумча 1 (бир) тайпа ачууга макулдук берилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Р.Арапов |