Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 30-апрели № 6/1
“Кыргызстан аэропорттору” ААКнун Ош филиалынын аянтын кеңейтүү максатында 1,97 га жер аянтын “айыл чарба” багытындагы жерлер котегориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына которуу жөнүндө
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы, Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-апрелдеги Манас айыл аймагындагы “Кыргызстан аэропорту” ААКнун Ош филиалынын аянтын кеңейтүү үчүн, мамлекеттик менчик укугу катталган 1,97 га жер аянтын трансформациялап, аэропорттун пайдалануусуна мамлекеттик мүлк фондусу аркылуу өткөрүп берүү жөнүндөгү катын, Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууга алынып, кеңири ой пикирлер менен Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Манас айыл аймагындагы 1,97 га сугат айдоо багытындагы жер аянтын “айыл чарба” багытындагы жерлер котегориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына “Кыргызстан аэропорттору” ААКнун Ош филиалынын аянтын кеңейтүү максатында багытын которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Манас айыл өкмөтүнүн башчысы
А.А. Рустамовго жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлүн.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |