Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июну №8-6
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2026-2028-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2026-2028-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү маселеси Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесин колго алып, жергиликтүү бюджеттин 2026-2028-жылдарга орточо мөөнөттүү болжолдуу долбоору тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Көк-Жар айылдык кеңешинин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2026-2028-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 1-2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Р.Арапов |