Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 30-апрели № 6/2
“Манас айыл аймагына караштуу Каратай айылындагы №347 контурунда жайгашкан жалпы аянты 1,50 га таштуу жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө”
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы, Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-апрелиндеги №01-18/869 сандуу каты, Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, кеңири айтылган ой пикирлер менен жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын 3-пунктунун негизинде Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Манас айыл аймагына караштуу Каратай айылындагы №347 контурунда жайгашкан жалпы аянты 1,50 га таштуу жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Рустамовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |