Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июну №8-7
Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Борбаш айылынын тургуну Абдракманов Нажимидиндин жеке менчигиндеги Борбаш айылында жайгашкан 1500,00 чарчы метр «Турак жай» багытындагы жер аянтынын ичинен 250,00 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын «Соода-сатык» багытына өзгөртүү максатында, жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Борбаш айылынын тургуну Абдракманов Нажимидиндин жеке менчигиндеги Борбаш айылында жайгашкан 1500,00 чарчы метр «Турак жай» багытындагы жер аянтынын ичинен 250,00 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын «Соода-сатык» багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |