Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 30-апрели № 6/3
“Манас айыл аймагына караштуу Каратай айылындагы №337-338-339- контурунда жайгашкан жалпы аянты 1,11 га таштуу жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө.
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы, Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-апрелиндеги №01-18/872 сандуу каты жана билдирүүсүнүн, жер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-апрелиндеги отурумунун протоколу, Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, кеңири ой пикирлер менен жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын 3-пунктунун негизинде Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Манас айыл аймагына караштуу Каратай айылында жайгашкан №337-338-339-контурларындагы жалпы аянты 1,11 га таштуу жайыт жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга жана асфальт-бетон заводун курууга макулдук берүүнү сунуштайбыз.
2.Бул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Рустамовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энершетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |