Загрузка документа…
Савай айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМУ
13.10.2025-жыл. № 27
Кызыл-Шарк айылы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы “IV Элдик Курултайды өткөрүү ” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 13-октябрындагы кезексиз ХII сессиясынын №12 протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы “IV Элдик Курултайды өткөрүү” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүү боюнча жооптуулар №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындардын өткөрүү графиги, өкүлдөрдүн санын бекитүү нормасы, иш-планы №3,4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча коомдоштуктун жыйынын 2025-жылдын 1-ноябрында Х.Таширов атыдагы билим берүү комплексинде өткөрүү белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамына тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Осмоналиев |