Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июну №8-9
«Ханаэнергия» жоопкерчилиги чектелген коомуна Улуу Тоо айылында жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берүү тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-июнундагы №214 сандуу катына негиз, «Ханаэнергия» жоопкерчилиги чектелген коомуна Улуу Тоо айылында жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берүү максатында жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Г.Шамуратовдун 2025-жылдын 20-июнундагы №214 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2.«Ханаэнергия» жоопкерчилиги чектелген коомуна Улуу Тоо айылында 100,0га жер аянтына күндөн электр энергиясын өндүрүүчү электр панелдерин орнотууга жана ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3.Муниципалдык менчиктеги Көк-Жар айыл аймагынын Көк-Жар айыл өкмөтү мекемесинин муниципалдык менчик мүлктөрүн (жер участоктон сырткары) пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна ылайык иш алып баруу жана мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш, транспорт боюнча жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Арапов |