Загрузка документа…
Савай айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМУ
13.10.2025-жыл. № 28
Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагындагы Кыдырша айылындагы социалдык объектке каражат бөлүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 13-октябрындагы кезексиз ХII сессиясынын №12, Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы №8 протоколунун, Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 3-октябрындагы №01-13/2214 катынын негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айыл өкмөтүнүн Кыдырша айылындагы “Ай-бала” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин алдындагы 3 сааттык кыска мөөнөттүү бала бакчасынын чатырын жана кароолканасынын капиталдык оңдоо иштерин жасоо жөнүндө долбоору жактырылсын.
2. Савай айыл өкмөтүнө Кыдырша айылындагы “Ай-бала” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин алдындагы 3 сааттык кыска мөөнөттүү бала бакчасынын чатырын жана кароолканасынын дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен капиталдык оңдоо иштерине берилген долбоорду колдоо максатында 2026-жылдын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн 336066,630 сом акча каражатын бөлүп берүү жагы каралсын.
3. Савай айыл өкмөтүнө бөлүнгөн каражатты максаттуу иштетүү боюнча чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Осмоналиев |