Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги X сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 06-ноябры № 1
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) II сессиясынын №8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республиксынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы кезексиз II сессиясынын №8 токтомуна өзгөртүү киргизип, Отуз-Адыр айылындагы №14, №27, №29 контурларындагы (3,0га жер аянты) 2,98га сугат жер аянтын мамлекеттик менчикке алуу жана айыл чарба багытындагы калктуу конуш, социалдык объект багытына (мектеп куруу) которуу жана өзгөртүү киргизилсин.
2. Тийешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси З.Реджаповко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Ч.Эшиевке жүктөлсүн.
4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Н.Жусупов).
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |