Загрузка документа…
Савай айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМУ
13.10.2025-жыл. № 29
Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 3-октябрындагы №01-13/2214 “Алтын бакча” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 13-октябрындагы кезексиз ХII сессиясынын №12, Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы №8 протоколдорунун, Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 3-октябрындагы №01-13/2214 катынын негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кен-Сай айылындагы “Алтын Бакча” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинине 2025-жылдын ноябрь, декабрь, 2026-жылдын январь айларына ата-энелердин 150 бала үчүн төлөмдөрдүн жалпы суммасы 675000 сом бекитилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө бекитилген каражатты туура жана максаттуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Осмоналиев |