Загрузка документа…
Савай айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМУ
13.10.2025-жыл. № 30
Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагындагы Кен-Сай айылындагы Б.Айдаров, Т.Маматов, Кыдырша, Жаштык көчөлөрүнө газ киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 13-октябрындагы кезексиз ХII сессиясынын №12, Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы №8 протоколунун, Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 3-октябрындагы №01-13/2214 катынын негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айыл өкмөтүнүн Кен-Сай айылындагы Б.Айдаров, Т.Маматов, Кыдырша, Жаштык көчөлөрүнө газ түтүктөрүн киргизүү иштерин жөнүндө долбоор колдоого алынсын.
2. Савай айыл өкмөтүнө Кен-Сай айылындагы Б.Айдаров, Т.Маматов, Кыдырша, Жаштык көчөлөрүнө дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен 4000,0 млн.сомдук газ түтүктөрүн киргизүү жөнүндө долбоорду жүзөгө ашыруу максатында 2026-жылы айыл өкмөтүнүн Кен-Сай айылынын калкынын салымы катары 600 000 сом акча каражатын топтоо боюнча чараларды уюштуруу жагы каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Осмоналиев |