Загрузка документа…
Савай айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМУ
07.11.2025-жыл. № 31
Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2030 жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы кезексиз ХIII сессиясынын №13, Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-нябрындагы отурумударынын протоколдорунун негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2030 жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө Савай айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планы боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын м.у.а | Жанибек уулу Аваз |