Загрузка документа…
Савай айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМУ
07.11.2025-жыл. № 32
Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн 12 000 000 сом трансферт жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы кезексиз ХIII сессиясынын №13, Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы отурумдарынын протоколдорунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-октябрындагы №916-т “Савай айылдык аймагына 12 000000 ( они эки миллион) трансферт бөлүү“ жөнүндө тескемесинин негизинде Савай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун аймагындагы чек арага жакын жайгашкан Савай айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана инфраструктурасын жакшыртуу максатында бүлөнгөн 12 000 000 (он эки миллион) сом трансферт төмөндөгү долбоорлорго бөлүштүрүлсүн :
- Ынтымак айылындагы Ынтымак -3 көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 4945197 сом;
- Ынтымак айылындагы Ынтымак көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 3495800 сом;
- Октябрь айылынын Октябрь -1 көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 3559003 сом
2.Савай айыл өкмөтүнө берилген каражатты туура жана максаттуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилсин жана пайдаланбай калган каражат үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгы эскертилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын м.у.а | Жанибек уулу Аваз |