Загрузка документа…
Савай айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМУ
07.11.2025-жыл. № 34
Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн Кен-Сай айылынын айыл башчысынын кызматтык каттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы кезексиз ХIII сессиясынын №13, Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы отурумдарынын протоколдорунун Кен-Сай айыыл башчысынын кызматтык катынын негизинде Савай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Сай айылындагы М.Абдиев көчөсүнө газ түтүктөрүн тарттыруу иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 000 000 сом каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө бөлүнгөн каражатты туура жана максаттуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилсин жана пайдаланбай калган каражат үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгы эскертилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын м.у.а | Жанибек уулу Аваз |