Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги X сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 06-ноябры № 3
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объект курууга макулдук берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнсоциалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объектилерди куруу үчүн “Айыл чарба жерлери” категориясындагы жерлерди “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу жөнүндө” мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылындагы №12 контурундагы 0,30 га жер аянты өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына (трансформациялоо) которулсун.
2. Ынтымак айылындагы № 5 контурундагы 1,30 га жер аянты айыл чарба багытынан социалдык объект (ФАП,Бала бакча) курулсун.
3. Ынтымак айылындагы № 933 контурундагы 0,05 га жер аянтын
4. Кызыл-Абад айылындагы №53 контурундагы 2,76 га жайыт жер аянтын өндүрүштүк багыттагы объектилерди куруу үчүн макулдук берилсин.
5. Кызыл-Абад айылындагы №7 контурундагы 0,40 га жер аянтын өндүрүштүк багыттагы объектилер курулсун.
6. Сары-Колот айылындагы №1025контурундагы 0,60 га, №228 контурундагвы 0,30га жер аянты өндүрүштүк багыттагы объект салынсын.
7. Курбан-Кара-айылындагы №61-62 контурундагы 1,20 га жер аянтын өндүрүштүк багыттагы объект салууга макулдук берилсин
8. Ынтымак айылындагы №933 контурундагы жалпы аянты 0,36 га анын ичинен суралган 0,05га аянты социалдык объект салууга макулдук берилсин.
9. Шерали айылындагы №320 контурундагы 1,0 га жер аянтын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трасформациялоо) макулдук берилсин.
10. Кызыл-Абад айылындагы №204 контурундагы 1,50 га жайыт жер аянты өндүруштүк багытка иштетилсин.
11. Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасындагы №227 контурундагы 0,71 га жер аянты өндүрүштүк багытка иштетилсин.
12. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Э.Ч.Эшиевке жүктɵлсүн.
13. Ушул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеӊештин жер жана агрардык жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Н.Жусупов).
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |